Опубликовано
07.07.2023, 11:30Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев резиденциясы Пекин шаарында жайгашкан Бахрейн Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Гассан Мохамед Аднан Шайхо менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки тараптын дипломатиялык мамилелери, кыргыз-бахрейн кызматташтыгын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Министр Д.Амангелдиев элчиге Министрлер кабинети тарабынан инвестициялык климатты жакшыртуу, жеке сектор үчүн түзүлгөн шарттар, административдик чектөөлөрдү жоюу, ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдар, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды азайтуу жана жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле, министр Бахрейндин жарандары Кыргызстанга 60 күндүк мөөнөткө визасыз кирүү режими бар экенин, бул туризм тармагын өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоого шарт түзөрүн белгиледи.