Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.06.2023, 08:45

    Ушул жылдын январь-апрель айларында цитрус жемиштери эң көп өлчөмдө Кыргызстанга Түркия, Пакистан жана Кытайдан келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

    Маалыматка ылайык, чет өлкөдөн цитрус жемиштерин импорттоонун жалпы көлөмү 4 айда 54%га өсүп, 8,7 миң тоннаны түздү.

    Тактап айтканда, цитрус жемиштерин ташып келүү акчалай алганда 62,5%га өсүп, 5,8 млн. долларды түздү. Цитрус жемиштеринин орточо баасы тоннасына 668 доллар болгон.

    Жыл башынан бери цитрус өсүмдүктөрү төмөнкү өлкөлөрдөн алынып келинген:

    • Түркия – 2989,2 тонна;
    • Пакистан - 1867,4 тонна;
    • Кытай – 1818,5 тонна;
    • Иран – 976,4 тонна;
    • Россия - 341,9 тонна;
    • Казакстан – 306,7 тонна;
    • Өзбекстан – 294,8 тонна;
    • Египет - 115,6 тонна;
    • Таиланд - 4 тонна;
    • Тажикстан – 1,6 тонна.

    Читать похожее