Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.03.2021, 04:15

    Кыргызстандын экономика министри Европа Биримдигиаркылуу Кыргызстанга берилген жардамдын көлөмүн 2021-2027-жылдарга карата көп жылдык индикативдик программанын негизинде көбөйтүү тууралуу маселени көтөрдү. Бул тууралуу экономика министрлигинин сайтында маалымдалат.

    [news 33306]

    17-мартта экономика министри Улукбек Карымшаков менен Европа биримдигинин башкы өкүлү Эдуард Ауэр жана башка кызматкерлер менен жолугушту.

    Жолугушууда мындан аркы кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Андан сырткары, 2021-2027-жылдарга карата программанын негизинде каржылоонун көлөмүн көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.

    «Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Европа биримдигинен финансы жана техникалык жардамдарды алуу боюнча макулдашууга жетишишти», - деп жазылат маалыматта.


    Читать похожее