akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.01.2024, 08:11

    Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа комиссиясынын вице-президенти Маргаритис Схинас менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

    Тараптар Кыргызстандын делегациясынын 29-30-январда Брюссель шаарында өтө турган “Global Gateway” инвесторлор форумуна катышуу маселесин талкуулашты.

    Аталган форумда Кыргызстан транспорт тармагындагы келечектеги долбоорлорду сунуштайт.

    “Тараптар гидроэнергетика, санариптештирүү, суу ресурстары жана "жашыл"экономика тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалын жана келечеги боюнча пикир алмашты”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 16.01.2024, 02:11:07