Akchabarsearch
    Источник фото: Министрлер кабинети

    Опубликовано

    23.04.2022, 09:21

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америкага жумушчу сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров ICSID конвенциясын (Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор) ратификациялоо жөнүндө документти Дүйнөлүк банктын сактоосуна тапшырды, муну менен эл аралык инвестициялык талаштарды чечүү боюнча дүйнөлүк алдыңкы институтка кошулуу процесси аяктады.

    Ал белгилегендей, ICSIDге кошулуу туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн трансчек аралык инвестицияларды жана сооданы пайдалануу боюнча биздин стратегиянын маанилүү элементи болуп саналат.

    «Бүгүн биз талаш-тартыштарды чечүү үчүн эң жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген укуктук жана ченемдик базаны жактай тургандыгыбыз тууралуу ачык белги берип жатабыз», - деди Жапаров.

    ICSID Башкы катчысы Мег Киннер белгилегендей, ICSIDге мүчө болуу эл аралык инвестициялардын агымынын негизинде жаткан эл аралык-укуктук архитектураны түзөт жана чыңдайт.

    «Мен Кыргызстан чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, аны кармап калуу жана кеңейтүү үчүн өбөлгө түзүүчү Ишкер чөйрөнү мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү кадамды жасаганына кубанычтамын», - деди ICSID Башкы катчысы.

    Кумтөр долбоору боюнча келишимдин түзүлүшү Кыргызстан талаш-тартыштарды белгиленген эл аралык процедуралар жана стандарттарга ылайык жөнгө салууга даяр экендигинин мисалы болуп саналат.

    Дүйнөлүк банкка ратификациялык грамотаны сактоого тапшыргандан кийин, Конвенциянын 68 (2)-беренесине ылайык, (Кыргыз Республикасы Конвенцияга 1995-жылы кол койгон жана 1997-жылы ратификациялаган) Кыргызстан үчүн Конвенция 21-апрелинде күчүнө кирет. Конвенция күчүнө киргенден кийин Кыргызстан ICSID менен макулдашуучу 157-мамлекет болуп калат.

    ICSID Конвенциясы чет өлкөлүк инвестициялар боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн институционалдык жана укуктук базаны белгилейт. Ал арбитраж, жарашуу, ортомчулук жана фактыларды орнотуу үчүн көз карандысыз, саясаттан ажыратылган форумду камсыз кылуу аркылуу өлкөлөр ортосундагы инвестицияны илгерилетүү үчүн түзүлгөн.

    ICSID Конвенциясынын катышуучу-мамлекети катары Кыргыз Республикасы анын башкы башкаруу органында – Административдик кеңештеги өкүлчүлүк аркылуу ICSIDди башкарууга катышат. ICSIDге мүчө-ар бир мамлекет Жетектөөчү Кеңеште бир өкүлгө жана бир добушка ээ. Анын милдеттерине башка нерселер менен катар ICSIDдин Башкы катчысын жана Башкы катчынын орун басарларын шайлоо кирет. ICSID мүчө-мамлекеттери ошондой эле ICSID комиссияларында арбитрлерди жана ортомчуларды дайындоого укуктуу.


    Читать похожее