Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

17.09.2020, 04:45

Кыргызстан жана Казакстандан автотранспорт каражаттарына карата контролдук-кароо иш-чараларын токтотуу жана Кыргызстандан Казакстанга жана Россияга кайтарым багытта ташылган навигациялык пломбалардын жардамы менен автотранспорт каражаттарына мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө макулдашышты.

[news 27386]

Пилоттук долбоор 2020-жылдын 10-декабрында күчүнө кирет. Жүк ташуучулар акысыз катыша алышат.

Мында контролдук иш-чаралар төмөнкү учурларда гана жүргүзүлөт:

  1. маршруттан (республикалык маанидеги автомагистралдар) 1 кмден ашык аралыкка кеткенде;
  2. навигациялык пломбаны өз алдынча ачууда;
  3. навигациялык пломбасы бузулган учурда;
  4. навигациялык пломба менен 1 сааттан ашык байланыш болбогондо;
  5. активдүү бара жаткан транспорт каражатынан чиркегичти ажыратып койгондо.

Көзөмөлдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн учурда ыкчам жооп алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын методология бөлүмүнө кайрылууга болот.

Байланыш тел: +996 312 61-03-06.


Читать похожее

  • 06.08.2024, 23:42:04
  • 06.08.2024, 22:12:34
  • 28.07.2024, 22:10:13
  • 23.07.2024, 05:02:32