Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.04.2024, 10:00

    Президент Садыр Жапаров Астана шаарына болгон расмий сапардын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басыма сөз кызматы билдирди.

    Жолугушууда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

    “Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынына байланыштуу боордоштук гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

    Казак президенти эки өлкөнүн мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюлуп жатканын, ал казак-кыргыз байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы дем берерин белгиледи.

    “Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык жыл сайын кеңейүүдө. 2023-жылы өз ара товар жүгүртүү 1,5 млрд долларга жетип, 26%га өскөн. Бул көрсөткүчтү 2 млрд долларга чейин көтөрүү керек”, - деди Касым-Жомарт Токаев.

    Ошондой эле, Садыр Жапаров Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы, өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

    "Тараптар жакынкы келечекте боордош эки элдин кызыкчылыгында ишке ашырыла турган күн электр станцияларын, ферросплав заводун, индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу сыяктуу эки тараптуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат", - деп айтылат билдирүүдө.


    Читать похожее

    • 06.08.2024, 23:42:04
    • 06.08.2024, 22:12:34
    • 28.07.2024, 22:10:13
    • 23.07.2024, 05:02:32