Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    28.02.2022, 10:10

    Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Сауд Аравия Королдугунун коммерция министри Мажид бин Абдулла Аль-Касаби менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

    Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, инвестициялык мүмкүндүктөрдү өнүктүрүү, өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу, туристтик потенциалды жана логистиканы кеңейтүү маселелери талкууланды.

    Өз кезегинде коммерция министри өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташуу үчүн пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

    Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу жана конструктивдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.


    Читать похожее

    • 22.08.2024, 00:25:09
    • 18.08.2024, 21:55:15
    • 25.07.2024, 03:47:23
    • 21.06.2024, 03:25:05