
Опубликовано
24.08.2023, 08:45Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча дирекциясынын жетекчиси Дэвид Рид өткөн аптада Лондондо Кыргызстандын элчиси Улан Жусупов менен жолугушту. Бул тууралуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, конструктивдүү сүйлөшүү болуп, анда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы мамилелердин маанилүүлүгү, Улуу Британиянын Орусияга каршы санкциялары жана айтылган чектөөлөрдү айланып өтүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу талкууланды.
“Эскерте кетсек, бул жолугушуу Дэвид Риддин апрель айында Кыргызстанга жасаган иш сапарынан кийин болду. Кыргызстанда ал өлкөнүн өкмөтү жана жергиликтүү ишкерлер менен санкциялардын сакталышын талкуулаган. Бул маселе боюнча жумушчу байланыштар уланууда”, - деп айтылат маалыматта.



