Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

17.08.2023, 08:20

Быйыл январь-июнь айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 277,4 млн долларды түзүп, 10,6%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспорт 113,9 млн долларды түзүп, 14,7%га, импорт 163,5 млн долларды түзүп, 8%га азайган. 2023-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстанга төмөнкү товардык позициялардын экспорттук жеткирүүлөрү көбөйдү:

  • тамак-аш азыктары жана айыл чарба сырьелору: сүт азыктары 2,5 эсеге, жүгөрү 2,3 эсеге, жаңгактар ​​1,4 эсеге, ундан жасалган кондитердик азыктар 1,4 эсеге, пияз ж.б.
  • көмүр 1,9 эсеге;
  • кара металлдар жана алардан жасалган буюмдар 1,2 эсеге;
  • желим буюмдары 5,1 эсеге;
  • башка химиялык өнүмдөр 1,2 эсеге;
  • алюминий жана андан жасалган буюмдар 7,7 эсеге;
  • жеңил автомобилдер жана алардын тетиктери 2,3 эсеге;
  • ар түрдүү машиналарды, жабдууларды, механикалык жабдууларды 1,5 эсеге.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстан соода потенциалын арттыруу максатында Бишкек жана Ташкентте соода үйлөрүн ачууну пландоодо.


Читать похожее