
Опубликовано
29.10.2020, 12:00Биз тышкы милдеттенмелерден жыл сайын социалдык милдеттенмелерди жабууга аргасызбыз. Бул тууралуу 29-октябрда өкмөттүн жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.
[news 29399]
«Бул жол берилгис кырдаал. Биз бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизинде бардык социалдык милдеттенмелерди, пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кепилдиктерди аткара турган деңгээлге жетишибиз керек. Сырткы карыздар экономиканы өнүктүрүүгө жана өнүгүү программаларын ишке ашырууга жумшалышы керек», - деп белгиледи Новиков.
Ал Финансы министрине 2021-жылдын бюджетин түзүүдө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.