akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.07.2024, 08:32

    Кыргызстан товарларды жана кызматтарды көбүнчө орус рубли менен сатат. Муну Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы тастыктайт.

    2023-жылы орус валютасынын үлүшү 2022-жылга салыштырмалуу 16,1 пайыздык пунктка көбөйүп, Кыргызстандын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн экспорттоодон түшкөн кирешелердин түзүмүндө 59,4%га жеткен. Мында доллардын үлүшү Кыргызстандын продукциясын жеткирүү үчүн төлөмдөрдүн түзүмүндө 43,9%дан (2022-жылы) 29,7%га (2023-жылы) азайган.

    Ошону менен бирге, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортунда доллардагы төлөмдөрдүн үлүшү мурдагыдай эле басымдуулук кылууда жана жалпы көлөмдүн 63,2%ын түзөт. Бирок 2022-жылга салыштырмалуу 7,9 пайыздык пунктка азайган.


    Читать похожее

    • 16.07.2024, 02:32:41