Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

05.01.2021, 11:30

Кыргызстан 2021-жылы туристтерге саякат үчүн дүйнөдөгү өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи орунда болот. Бул тууралуу рейтингди Британиялык The Guardian журналы саякатчылардын ой-пикирлеринин негизинде чыгарган.

[news 31237]

«Бишкек заманбап жана жандуу шаар, ал эми ажайып элет жери салттуу жашоо менен көчмөндөрдүн жолугушуусун сунуштайт. Кыргызстан даамдуу жергиликтүү ашканасы менен дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири», – деп айтылат макалада.

Тизменин кийинки катарында Исландия, Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Украина, Ланди аралдары, Фарер аралдары жана башка өлкөлөр бар.


Читать похожее

  • 05.01.2021, 05:30:15
  • 08.07.2020, 03:15:47