Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    03.08.2023, 05:17

    “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ири энергетикалык компаниясы www.nesk.kg жаңы расмий сайтын иштеп чыгып, ишке киргизди.

    Мындан тышкары, сайтта экинчи даражадагы электр тармактар ​​ишканаларынын расмий сайттары – компаниянын аймактардагы филиалдары да камтылган. Бардык сайттар кыргыз жана орус тилдеринде иштейт.

    КУЭТнын жаңы расмий сайтында “Компания жөнүндө”, “Акционерлерге жана инвесторлорго”, “Абоненттер”, “Нормативдик-укуктук база”, “Пресс-борбор”, “Сатып алуулар”, “Байланыштар” тиешелүү бөлүмдөр боюнча маалыматтар камтылган. Сайттын негизги баракчасында “Абоненттик баланс”, “Калькулятор”, “Менин жарыгым” мобилдик тиркемесинин QR-коддору”, “Тарифтер”, “Өчүрүү жөнүндө маалымат”, “Суроо-жооптор” жана башка дагы электрондук кызматтар жайгашкан.

    “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКтын бирдиктүү веб-сайтында бир жолу басуу менен компаниянын аймактык филиалдарынын веб-сайттарына өтүүгө болот. Бул абоненттерге жашаган жерине жараша тиешелүү маалыматты алууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

    Белгилеп кетсек, жаңы экинчи даражадагы электр тармактар ​​ишканаларынын расмий сайттары мазмуну толук толтурулганга чейин бир ай бою тесттик режимде иштейт, бирок негизги функциялар, кызматтар жана бөлүмдөр иштеп жатат.

    Эске салсак, “Түндүк электр” ААК, “Чыгыш электр” ААК, “Ошэлектро” ААК жана “Жалалабадэлектро” ААК бөлүштүрүү компаниялары “Кыргызстандын улуттук электр тармагына” бириктирилген, алардын сайттары учурда жабык же иштебейт. Бирок экинчи даражадагы электр тармактар ​​ишканаларынын жаңы расмий сайттарына өтүү функциясы камтылган.


    Читать похожее