Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

01.08.2023, 04:10

Ушул жылдын алты айында Өзбекстан Кыргызстанга 12,6 миң тонна коон экспорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл жарым жылда Өзбекстан 11 өлкөгө баасы 16,7 млн доллар болгон 79,9 миң тонна коон саткан. Ал былтыркыга караганда 16,8 миң тоннага көп. Өзбекстан коонду эң көп экспорт кылган өлкөлөр:

  • Казакстан – 35,7 миң тонна
  • Россия – 29,3 миң тонна
  • Кыргызстан – 12,6 миң тонна
  • Беларусь – 1,3 миң тонна
  • Тажикстан – 664 тонна
  • Монголия – 143 тонна

Читать похожее