Опубликовано
24.08.2023, 11:08Өзбекстандын Статистика агенттиги экспорт багытындагы он алдыңкы өлкөнү жарыялады. Алардын арасында Кыргызстан да бар.
Маалыматка ылайык, быйыл жети айда Өзбекстан Кыргызстанга 464 млн долларга товар экспорттогон. Ал эми Кыргызстан Өзбекстанга 159,5 млн долларга товар жеткирген.
Белгилеп кетсек, быйыл Өзбекстан Орусияга - 1,6 млрд, Кытайга - 1,5 млрд, Түркияга - 842 млн, Казакстанга - 808 млн, Ооганстанга - 467 млн, Кыргызстанга - 464 млн, Тажикстанга - 337 млн, Францияга - 240 млн, БАЭге - 133 млн, Пакистанга - 122 млн долларга товар экспорттогон.
Өзбекстандын Статистика агенттиги буга чейин январь-июль айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 632,2 млн сомду түзгөнүн билдирген.