Akchabarsearch
    Источник фото: Министрлер кабинети

    Опубликовано

    02.04.2022, 03:46

    Кыргызстан жана Өзбекстан эки тараптуу соода көлөмүн 2 млрд долларга чейин жеткирүүнү көздөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин жыйынында билдирди.

    Жапаров өз сөзүндө эки өлкөнүн чектеш аймактарынын башчыларынын кеңешинин жыйыны чек ара аймактарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу милдеттерин жана келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү үчүн ыңгайлуу аянтча болуп калганын белгиледи.

    «Эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык чөйрөдө ишке ашырыла элек чоң потенциал бар, буга байланыштуу биздин мамлекеттердин аймактык администрациялары менен ишкер чөйрөлөр ортосунда түз байланыштарды орнотуу боюнча иштиктүү чараларды кабыл алуу зарылчылыгы бар», - деп белгиледи ал.

    Министрлер кабинетинин башчысы эки өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктарын жана потенциалын максималдуу пайдалануу менен биргелешкен продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо максатында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун ишке ашыруу маселесин кароону сунуш кылды.

    «Кыргызстан эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуу жана өркүндөтүү, жаңы логистикалык борборлорду түзүү, ошондой эле аларды аймактык жана дүйнөлүк транспорттук артерияларга ыңгайлаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Күн тартибинде өлкөнүн ичиндеги темир жолдорду реконструкциялоо жана аларды трансконтиненталдык магистралдарга тартуу маселеси турат. Эң ири жол долбоору катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу саналат. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу биздин аймактын транзиттик потенциалын бир топ жакшыртат»,- деди ал.

    Жапаров республикабыздын туризм тармагындагы чоң мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, аймактар аралык туризм жана зыярат кылуу чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

    Жыйындын жыйынтыгында протоколго жана башка жыйынтык документтерге кол коюлду.


    Читать похожее