Опубликовано
06.04.2023, 09:48Кыргызстанда жарым жыл ичинде 1,1 миңден ашуун адам “Санарип көчмөн” макамын алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, санарип көчмөн макамын программалык камсыздоону иштеп чыгуу, медиа жана санариптик искусство, графикалык дизайн жана мультимедиалык дизайн, IT продуктусун өнүктүрүү, жасалма интеллект жана робототехника, компьютердик жана мобилдик оюндарды түзүү, киберспорт тармагында иштеген 6 өлкөнүн – Орусия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Армения, Молдованын жарандары ала алышат.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрынан тарта Кыргызстанда өлкөгө жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана экономиканын жогорку технологиялык секторлорун өнүктүрүү максатында “Санарип көчмөн” (Digital Nomad) пилоттук долбоору ишке ашырылууда.
“Санарип көчмөн” макамын алуу үчүн арыз ework.e-gov.kg электрондук порталы аркылуу берилет.
Эскерте кетсек, буга чейин "санарип көчмөн" макамын алууга 2989 адамдан арыз түшкөн. Алардын ичинен 1119 адам аталган макамды алса, калгандары кароону күтүп жатат же документтери жок болгондуктан четке кагылган.