Опубликовано
04.07.2023, 03:40Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, салык мыйзамдарын ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп 15 компания аталган.
Мыкты салык төлөөчүлөргө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер кечээ, 3-июлда тапшырылды.