Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

19.07.2023, 06:28

Сентябрь айынан бери 1426 адис “Санариптик көчмөн” макамын алган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

“Digital Nomad” статусун алууга анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT продуктуларын иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармагында иштеген чет өлкөлүк адистер укуктуу.

Министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдиргендей, санариптик көчмөн статусуна Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Орусиянын жарандары кайрыла алышат.

“Санариптик көчмөн статусун алуучу 1 жылга иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат, автоматтык түрдө ПИН-кодду алат, ошондой эле Юстиция министрлигинде жана Салык кызматынан жөнөкөйлөтүлгөн тартипте мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алат. Статус алуу үчүн арыз ework.e-gov.kg электрондук порталы аркылуу берилет.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 2022-жылдын сентябрь айынан бери “Digital Nomad” пилоттук долбоору ишке ашырылууда.


Читать похожее