Опубликовано
06.05.2024, 11:33Маданият министрлиги 17,8 млн сомго детективдик сериал тартууну пландоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Бекитилген адабий сценарийдин негизинде “Тайган туйгун” көркөм сериалын уюштуруу жана тартуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер жарыяланды. Сериалдын жанры детектив.
Тендерди Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин “Кыргызсериал” чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси мамлекеттик мекемеси жарыялаган.
Сметалык баасы 17 млн 881 миң 817,8 сом, сынактык арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 10-майга чейин.