akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Tourist.kg

    Опубликовано

    01.06.2020, 07:15

    Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны дээрлик 2,5 миллионду түзөт (2020-жылдын башына карата маалымат боюнча). Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

    [news 24255]

    Балдарды коргоо күнү дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан тарта белгиленип келет. Бул күн коомдогу балдардын ордун көрсөтүп, алардын жашоо деңгээлине көңүл буруп, ден-соолугун жана укуктарын коргоого чакырат.

    «2020-жылдын башына карата Кыргыз Республикасында жашы 18ге толо элек 2 млн 456 миң бала катталган, анын жарымынан ашыгы (51%) эркек балдар. 2019-жылга салыштырмалуу балдардын саны 75 миңге же 3%га көбөйгөн» —, деп айтылат маалыматта.

    Кыргызстанда 7 жашка чейинки балдардын саны 1 млн 115 миңди (45%), 7-14 жаштагы өспүрүмдөр – 1 млн 30 миң адам (42%) жана 15-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн саны 311 миңди (13%) түзөт.

    Балдардын көпчүлүгү (68%) айыл жергесинде жашайт.


    Читать похожее

    • 01.06.2020, 01:15:24