Опубликовано
28.04.2022, 04:21Үстүздөгү жылдын 1-апрелине карата 183 миң 863 салык төлөөчүнүн жана 7 миң 812 субъекттин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда, эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Мындай жеңилдик КРнын “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамында каралган.
"Мыйзамга ылайык, 1-июлга карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 100 пайызга жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50% эсептен чыгарылат. Реструктуризациялоого 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздар тийиш",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү, анын ичинде карызды мажбурлап өндүрүү жөнүндө доо арыздарын берүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Ал эми салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды эсептен чыгаруу үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу керек.