Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

11.06.2024, 04:55

Кыргызстанда акыркы жумада 320дай мас айдоочу аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 2-июндан 9-июнга чейин 22 миң 226 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 337;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 317;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 82;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 923;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 461;
  • авто ээнбаштык — 82;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 464;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 4;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 мин 630.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 700дөн ашык унаа айып короо жайына токтотулду.


Читать похожее

  • 10.06.2024, 22:55:35
  • 31.05.2024, 01:15:30