Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

24.08.2020, 09:35

Кыргызстанда атасы менен апасы белгисиз болгон балдар үчүн ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулдун жаңы түрү киргизилди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

[news 27295]

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда атасы менен апасы белгисиз болгон 42 бала бар.

«Жөлөкпул арыз түшкөн айдан кийинки айдан тарта териле баштайт. Эгер арыз август айында түшсө, жөлөкпул 1-сентябрдан тарта бериле баштайт», - деди ал.

Министрдин айтымында, быйыл ал жөлөкпулдун төлөмдөрү үчүн 336 миң сом талап кылынат (ар бир балага 2 миң сомдон).

«Жылына ал жөлөкпулдун төлөмдөрү үчүн 1 млн сомго жакын каражат керектелет», - деди ал.


Читать похожее

  • 06.05.2024, 02:20:56
  • 26.02.2024, 04:55:22
  • 26.02.2024, 00:40:55
  • 07.02.2024, 21:27:51