Опубликовано
06.03.2024, 11:40ЕАЭБде байланыш кызматтарына тарифтер 2023-жылы 3,3%га жогорулаган. Бул тууралуу ЕАЭБдин баяндамасында айтылат.
Маалыматка ылайык, буларга интернет, мобилдик байланыш, стационардык телефондор ж.б. кирет.
Тарифтердин жогорулашы эң көп Кыргызстандын байкалган. Тескерисинче, Арменияда байланыш кызматы арзандаган.
Алсак, Кыргызстанда байланыш кызматы 6,6% өскөн. Ал эми Казакстанда 4,8%, Орусияда 3,1%, Беларуста 0,7%, Арменияда 0,4 % өскөн.