Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

06.06.2023, 03:44

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы “Дос-Кредобанк” ААКнын 85 миң нускадагы жалпы суммасы 85 млн. сомдук пайыздуу “жашыл” облигацияларынын биринчи чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрдү.

Финкөзөмөлдүн маалыматкына ылайык, жашыл облигацияларды чыгаруунун максаты - жашыл долбоорлорду каржылоого каражат табуу.

Анын алкагында төмөнкү артыкчылыктуу багыттар (долбоорлор) аныкталды:

  • "жашыл" жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен экологиялык жактан таза материалдардан үйлөрдү жана жайларды куруу;
  • жеңилдетилген шарттарда ар кандай “жашыл технологияларды” киргизүүдө айыл чарба багытында ишкер аялдарды жана жаштарды колдоо;
  • экологиялык жактан таза транспорт, электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотуу;
  • тазалоочу курулмаларды, сууну үнөмдөөчү технологияларды орнотууну каржылоо, жеңилдетилген шарттарда ар кандай “жашыл технологияларды” киргизүү аркылуу туризм тармагын колдоо.

Туруктуу каржылоо принциптерин ишке ашыруу жана операцияларды этап-этабы менен интеграциялоо максатында “Дос-Кредобанк” ААКда Жашыл каржылоо департаментинин структуралык бөлүмү түзүлдү.


Читать похожее