
Опубликовано
18.04.2023, 08:35Кыргызстандын саламаттык сактоо системасында биринчи жолу электрондук медициналык санариптик документ берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул электрондук саламаттыкты сактоонун өнүгүшүндөгү маанилүү кадам. Ал медициналык маалымат алмашуу процессин бир топ жөнөкөйлөтүп, тездетет.
“Электрондук цифралык кол тамга менен кол коюлган биринчи электрондук медициналык документ Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүндө берилди. Алгач ирет берилген бул медициналык документ туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк болуп саналат. Андан ары документ мамлекеттик үлгүдөгү туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тариздөө үчүн ЗАГС органдарына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, электрондук медициналык документ бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги куралы болуп саналат. Электрондук санарип кол тамга документтин ишенимдүү жана коопсуз авторизациясын камсыз кылат.
"Биздин максатыбыз - медициналык маалыматты баарына жеткиликтүү жана коопсуз кылуу. Электрондук санариптик кол тамга менен кол коюлган бул биринчи электрондук медициналык документ башталышы гана. Биз бул багытта иштөөнү улантып, саламаттыкты сактоонун сапатын жана натыйжалуулугун арттыра турган жаңы технологияларды иштеп чыгабыз жана толугу менен кагазсыз медициналык документ жүгүртүүгө өтөбүз" - деп белгиледи саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова.



