Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    30.08.2023, 07:56

    Бишкек шаарында Кыргыз-түрк достугу ооруканасында биринчи жолу ички органдарды трансплантациялоо боюнча операция ийгиликтүү жасалууда. Бүгүн президент Садыр Жапаров аталган ооруканага барып, бейтаптар менен жолукту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт. Бул мезгилде ата мекендик адистер тажрыйба топтоп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай башташат.

    “Чет өлкөдө 50-60 миң доллар чыгым болсо, Кыргызстанда ушундай операцияга 10 миң долларга жакын каражат керектелет. Мындай арзан баада ата мекендик адистер башка өлкөлөрдөн келген бейтаптарды да тейлей алышат”, - деп айтылат маалыматта.

    Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар. Ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Ошентип, жыл ичинде бул процедураларды төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 2,5 млрд сомго жакын каражат бөлүнүүдө.


    Читать похожее