
Опубликовано
12.12.2020, 06:00Кыргызстан бюджеттин ачыктыгы боюнча индекстен 63 баллга (100 балл) ээ болду. Бул тууралуу, 11-декабрда финансы министри Кыялбек Мукашев билдирди.
[news 27999]
Салыштырып караганда, бул индекстин көрсөткүчү Россияда - 74 балл, Украинада - 63 балл, Казакстанда - 58 баллды түзөт.
Кыялбек Мукашев өз сөзүндө, эл аралык донорлор менен иштешүүдө бюджеттин ачыктыгы маанилүү экендигин баса белгилеп өттү. Буга байланыштуу бюджеттин ачыктыгын жакшыртуу үчүн приоритеттүү максаттары бар экенин билдирди.
«Кийинки жылдарга министрликтин артыкчылыктуу максаттарынын бири - Кыргызстандын жарандарына эмгек акыларын, пенсияларын жана жөлөкпулдарын төлөө боюнча артыкчылыктуу милдеттенмелерди аткаруу», - деп кошумчалады Мукашев.