Опубликовано
04.08.2020, 08:41Калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында ата мекендик IT адистер Саламаттык сактоо министрлигинин адистери менен биргеликте жаңы ресурсту иштеп чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-августа штабдан билдиришти.
Ал COVID.KG деп аталган коронавирус менен болгон абал боюнча бирдиктүү маалыматтык платформа. Бул жерде мамлекеттик органдар жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө бардык маалыматты жайгаштырат жана бардык кызыкдар тараптар өздөрү үчүн кызыктуу маалыматты таба алышат.
Сайтта коронавируска каршы күрөшүү боюнча негизги маалыматтар келтирилген:
Ошондой эле бардык суроолор боюнча кайтарым байланышуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Мындан тышкары, бул аянтчада берилген маалыматтын сапаты боюнча атайын сурамжылоо жайгаштырылган.
Онлайн ресурс https://covid.kg/ шилтемеси аркылуу жеткиликтүү.