Опубликовано
07.06.2024, 11:40Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын март айында Кыргызстанда уран жана торий рудаларын казууга адистешкен жаңы компания катталган. Компания президент Садыр Жапаровдун “өлкөдө кенди казып алуу кайра жанданышы мүмкүн” деген билдирүүсүнөн бир ай өткөндөн соң лицензия алган.
Кыргызстанда уран казуу маселеси бир жактуу чечиле элек. 29-майда Кыргызстанда уранды иштеп чыгууга жана өндүрүүгө тыюуну алып салган мыйзам долбоору биринчи окуудан гана өттү. Ал арада уран казууга адистешкен жаңы компания министрликтен лицензия алууга жетишкен.
Тактап айтканда, ал 27-мартта расмий катталган “МАТЭ” ЖЧКсы. Министрликтин сайтында, компания ишмердүүлүгүнүн түрүн уран жана торий рудаларын казып алуу экендигин белгилеген.
"МАТЭ" компаниясынын жетекчиси — Марс Токтоназаров. Ал дагы башка “Премьер Право” компаниясынын ээси. Компания рудаларды жана баалуу металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү менен алектенет. Ошондой эле, ачык булактарда Токтоназаров “Кыргызалтындын” уран жана торий кендерин иштетүү боюнча эксперти.
Кыргызстанда уран кендерин иштетүүгө тыюу алынса, аны бир гана “МАТЭ” эмес, бир нече компания казууга киришет. Бүгүнкү күндө өлкөдө уран казуучу 10 компания катталган. Алардын экөөсү “Shun Tai” жана “Ю-Кей Жи холдинг” чет элдик капиталга ээ.
Катталган уран өндүрүүчү ишканалардын арасында юстиция органдарында мораторий киргизилгенге чейин (2003-2018-ж.) жана андан кийин (2020-2024-жылдары) катталгандар бар. Бүгүнкү күндө бир гана 2003-жылы негизделген “Асел и К” компаниясы ишин токтоткон.