Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

23.08.2023, 05:45

Кыргызстанда быйыл дан эгиндерин оруп-жыюу жумуштарына 1590 комбайн тартылып, жыйноо иштери үзгүлтүккө учураган жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында дан комбайндарына суроо-талап жогору болду. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары комбайндарды дан эгиндеринин бышып жетилүүсүнө жараша аймактарга бирдей бөлүштүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Оруп-жыюу өнөктүгүндө Чүй облусуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан 150дөн ашык дан комбайндары тартылып, өнөктүк ийгиликтүү аяктады. Өлкөнүн түштүк аймагындагы оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 400 жакын дан комбайндары катышып, анын ичинен 100 жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылды”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, быйыл 1 комбайнга туура келүүчү жумуштун көлөмү 253,4 гектарды түздү жана Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Суусамыр өрөөнүнөн башка аймактарда өнөктүк жыйынтыкталды.


Читать похожее