Опубликовано
14.07.2020, 10:00Азыркы учурда дарылык каражаттарга болгон бааны негизсиз көтөрүү, товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана башка 27 фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Муну менен, медициналык жасалгаларга болгон бааларды көтөрүү боюнча 4 кылмыш иши, товарларды мыйзамсыз алып кирүү боюнча 13 кылмыш иши, атайлап дефицит жаратуу фактысы боюнча 2 кылмыш иши козголуп, дары каражаттарынын алып-сатаарлары боюнча 8 фактысы аныкталган.
Боронов белгилегендей, гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физикалык эритме, ингаверин, арбидол жана башка дары-дармектер сактоочу жайларда катылып жаткан.
«Каржы полициясы бааларды негизсиз көтөрүп жаткан дарыканаларга, жана монополисттик келишимдерди бекиткен физикалык жактарга карата чара көрүүнү күчөтөт»,-деди премьер-министр.
Ошондой эле өкмөт башчы 1-14 июлдарда Кыргызстанга 489 млн сомго 281 аталыштагы медикаменттер жана 139 млн сомго медициналык жасалгалар киргизилгендигин кошумчалады. Баардыгы өлкөгө 600 миллиондон ашуун каражатка товарлар жана дары-дармектер алынып келинген.