Опубликовано
10.07.2024, 07:15Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда жаңы төрөлгөндөргө коюлган эң популярдуу ысымдарды атады.
Кыздарга көбүнчө Салиха, Фатима жана Айлин деп ат коюлган. Популярдуулардын тизмесинде Сафия, Амина жана Алия да бар.
Эркек балдарга Мухаммед, Умар жана Али деген ысымдар көп ыйгарылган. Амир, Билал жана Усман деген аттар да арбын.
Мекеме быйылкы жылдын алты айында Кыргызстанда жалпысынан дээрлик 60 миң наристе төрөлгөнүн кошумчалады.