Опубликовано
18.06.2024, 07:21Эмгек китепче эми электрондук түрдө болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынын Эмгек, миграция министрлигинин орун басары Жыпариса Рысбекова билдирди.
Маалыматка ылайык, эмгек китепчеси Мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фонддук базасы менен бириктирилет.
“Эмгек китепчеси бар болгону менен анын иш тажрыйбасы боюнча маалымат салык жана соцфонддун базасынан чыкпай калган. Эми бирдиктүү база кылабыз. Аны бардык иш берүүчүлөр колдонуш керек”, - дейт Жыпариса Рысбеков.