
Опубликовано
16.08.2023, 03:27Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы этти сатып алардан мурун витринадагы QR кодду сканерлеп, анын сапатын жана сактоо мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү идентификациялык системаны ишке киргизди. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти.
QR-код же документтердин электрондук жүгүртүүсү деп аталган эт азыктары менен болгон операциялардын бардык чынжырчасын, малды союудан тартып эт кассасына түшүрүүгө чейин жазып алат, андыктан малдын жашын, кайда алып келгенин билүүгө болот. Анда малдын качан союлганын, эт бардык ветеринардык-санитардык нормаларга жооп берип бербестиги ж.б. камтылат.
Анда эттин сапатына көзөмөл так көрсөтүлгөн, ал жерде аны айылдык ветеринар, анан мал союучу жайларды көзөмөлдөгөн ветеринар текшерет. Кийинчерээк эт соода базарларына чыгып, кайрадан тыкыр ветеринардык экспертизадан өткөрүлөт, андан кийин гана эт бардык зарыл болгон ветеринардык-санитардык нормаларга жооп берсе, сатууга укук берилет.



