Опубликовано
22.07.2024, 04:302024-жылдын июль айына карата Кыргызстанда ата-энесинин көзөмөлүсүз калган 218 бала 110 багып алуучу (фостердик) үй-бүлөдө тарбияланат. 2023-жылга салыштырмалуу үй – бүлөлөрдүн саны 29% га көбөйгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Фостердик үй-бүлөлөр институту Кыргызстанда 2014-жылдан баштап киргизилген.
Фостердик же багуучу үй-бүлө-бул мамлекет менен келишимдин негизинде белгилүү бир мөөнөткө турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды тарбиялоону жүзөгө ашырган, окутуудан өткөн үй-бүлө.
Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар фостердик ата-эне боло алышат. Фостердик үй-бүлөлөргө окууга дагы 51 талапкер Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат.