Akchabarsearch
Источник фото: WWW

Опубликовано

12.04.2023, 03:28

Быйылкы жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициянын көлөмү 16 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 3,5%га өскөн. Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү каржылоонун ички булактарынын 9,7%га өсүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.

“Тышкы каржылоо булагы, тескерисинче, 28,8%га кыскарды. Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү өндүрүш объекттерин курууга, электр энергиясы, суу менен камсыздоо, таштандыларды тазалоо жана кайра иштетүү, дүң жана чекене соода, транспорттук ишмердүүлүк жана товарларды сактоо, мейманканалар, ресторандар, маалымат, байланыш жана башкаларга байланыштуу”, - деди ал.

Ошондой эле, Жумалиев инвестициянын негизги бөлүгү объектилерди курууга, тоо-кен казып алуу тармагына, электр энергиясы, газ жана жарык менен камсыздоого, өндүрүшкө, транспорттук ишмердүүлүккө жана товарларды сактоого, билим берүү жана турак жай курулушуна багытталганын кошумчалады.


Читать похожее