
Опубликовано
29.08.2023, 06:04Кыргызстанда инфляциянын акырындык менен төмөндөшү байкалууда. 2023-жылдын 18-августуна карата инфляция жылдык мааниде 9,4%ды, жыл башынан бери 5,3%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.
Маалыматка ылайык, жашылча-жемиштерге, өсүмдүк майы жана тоң майларга баанын сезондук арзандашы азык-түлүк инфляциясын төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт, ал эми азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон туруктуу баа инфляциянын бир калыпта турушун шарттайт.
“Кызмат көрсөтүү тармагындагы керектөөчүлөрдүн активдүүлүгү Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө негизги салым кошууда. Быйыл январь-июль айларында республиканын реалдуу ИДПсынын өсүшү 2,9% түздү (Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда – 4,3%). Жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясат жана банк секторунда керектөө кредиттеринин өсүп жаткан көлөмү мамлекеттик жана жеке керектөөнүн кеңейишине, ички суроо-талапты салыштырмалуу жогорку деңгээлде кармап турууга өбөлгө түзөт”, – деди Ильичбек Султанкулов.



