Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    03.12.2020, 04:25

    КР Өкмөтү ишкерлерди текшерүү боюнча мараторийдин мөөнөтүн 2022-жылга чейин узартты. Тиешелүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тарабынан кол коюлган документ «Акчабардын» карамагында.

    [news 30318]

    Белгилей кетсек, ишкерлерге укук коргоо органдары тарабынан тынымсыз текшерүүлөр болуп келгендиктен, экономика министрлиги арыздануулардан улам мараторийдин мөөнөтүн жылдырууну сунуштаган. Мындай кадам көмүскө экономиканын көлөмүн жогорулатып, бизнести алып кетүү активдүүлүгүн төмөндөтөт жана жалпысынан өлкөнүн инвестициялык климатына таасир этет.

    Ал эми бажы көзөмөлүндөгү товарларга карата Бажы кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө мораторий колдонулбайт.