Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    20.04.2022, 06:25

    Үстүбүздөгү жылдын I кварталында кайра иштетүү өнөр жайында 52,6 млрд сомдук продукция өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь-мартында кайра иштетүү өнөр жайында реалдуу өсүш 114,7%ды түздү

    Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү өнөр жай тармактарында белгиленген:

    мунай продуктуларын өндүрүү (+31,8%);

    жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү (+25,5%);

    фармацевтика (+21,3%);

    негизги металлдар жана даяр металл буюмдары (+ 20,3%);

    тамак-аш өнөр жайы (+14,1%);

    текстиль өндүрүшү, тигүү жана бут кийим өндүрүшү (+5,8%).

    "Курулуш сектору дагы оң динамикасын көрсөтө баштады. Үстүбүздөгү жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 2,2%ды түздү. Биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча дүң (+11,8%) жана чекене (+7,3%) сооданын көлөмүнүн өсүшү байкалган", - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 20.04.2022, 00:25:41