Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.12.2023, 11:52

    Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин баяндамасында айтылат.

    БУУнун шкаласы боюнча, эгерде 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын жалпы калктын үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет; 4 пайыздан 7 пайызга чейинки аралыкта болсо, калк карылыктын босогосунда болсо; 7 пайыздан жогору болсо - улгайган калк.

    "Кыргызстанда 2023-жылдын башына карата 378,1 миң адам же 65 жаштан жогорку курактагы кыргызстандыктардын 5,4 пайызы (2019-жылдын башында – 4,7 пайыз) болгон"- деп айтылат маалыматта.

    Бирок бул көрсөткүч КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу аз. Азербайжанда жана Казакстанда 8,5 пайызды, Орусия жана Белоруссияда 16,5 пайызды түздү. БУУнун божомолу боюнча, Кыргызстанда бул тенденция 2030-жылы пайда болот, анда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындайт.


    Читать похожее

    • 01.08.2024, 21:15:17
    • 17.04.2024, 23:45:47
    • 07.03.2024, 22:40:03
    • 23.02.2024, 01:16:29