Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.09.2023, 03:00

Кыргызстанда кышында “жөнгө салуу иш-чаралары” киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, тармакка ашыра жүк келген учурда бир-эки саатка электр энергиясы өчүрүлүшү күтүлөт. Бул трансформаторлорду ысып кетүүдөн коргоо үчүн зарыл.

Чиновник белгилегендей, соңку учурларда жабдууларга күч келүү өсүүдө, андыктан, жарандарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат.