Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

18.04.2024, 03:38

15-апрелге карата республика боюнча кызамык оорусунун 8 миң 209 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, эксперттер вирустун Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад облустарында көп жайылып жатканын белгилейт.

Оорулуулардын жалпы санынын аймактык бөлүнүшү боюнча Бишкек шаарында 2 миң 687 учур, Ош шаарында 479 учур, Ош облусунда 1 миң 316 учур, Баткенде 231, Чүйдө 1 миң 952, Жалал-Абадда 1 миң 198, Ысык-Көлдө 139 учур, Таласта 105, Нарын облусунда 102 учур катталган.


Читать похожее

  • 23.05.2024, 21:56:39
  • 09.05.2024, 01:00:52
  • 17.04.2024, 21:38:58
  • 26.03.2024, 21:50:34