Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

17.08.2023, 07:32

Өлкөдөгү май куюучу жайларда АИ-95 жана АИ-92 үлгүсүндөгү майлар кымбаттоодо. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, июль айынын соңунда күйүүчү майдын баасы литрине 64,95 сомду түзгөн. Ал эми 16-августка карата баа литрине 66,04 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок анын баасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 81 тыйынга арзан.

АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы да 58,23 сомдон 59,51 сомго чейин кымбаттаган.

Белгилеп кетсек, дизель майынын баасы 70,72 сомдон 64,78 сомго арзандады.


Читать похожее