Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

06.05.2024, 10:35

Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2-3 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин мониторингинен маалым болду.

Ага ылайык, бензиндин АИ-95 үлгүсүнүн орточо баасы январда 70 сом болсо, апрелде 71-72 сом болду. Бензиндин АИ-92 үлгүсү 61-62 сомдон 64-65 сомго көтөрүлсө, АИ-80 үлгүсү 58-59 сомдун тегерегинде болууда. Дизель наркы жыл башынан бери 69-70 сомдон 72-73 сомго чейин кымбаттады.

Адистер баанын жогорулашын Россиядагы күйүүчү-майлоочу май саткан заводдордогу дүң баалар өсүп жатканы менен байланыштырууда.


Читать похожее

  • 22.08.2024, 00:10:17
  • 11.07.2024, 00:45:00
  • 06.05.2024, 04:35:27
  • 30.04.2024, 22:00:42