Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.04.2024, 05:28

    20–21-апрелде Кыргызстандагы ПРООН жана Креативдивдүү индустриялар ассоциациясы 50 чыгармачыл өнөктөштөр менен биргеликте “CREATE4” фестивалын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы ПРООНдун өкүлчүлүгү билдирди.

    Фестивалдын алкагында Кыргызстандын 7 облусунда 13 жерде 36 иш-чара өтөт. Быйылкы төртүнчү "Create4" фестивалы "Жаратман Кыргызстан" урааны астында өтөт.

    "Фестивалдын максаты - жарандардын билимге, технологияны түшүнүүгө, кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду курууга умтулганын билдирүү. Жаратман Кыргызстан – бул өз ишин жана жерин сүйгөн, ар күн сайын эмгектен тажабаган адамдардын биригиши”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 15.04.2024, 23:28:01
    • 22.12.2020, 02:45:30