Опубликовано
18.11.2022, 05:30Өлкөдө катталган 412 күрөөкананын үчтөн экиси мыйзам бузуу менен иштеп жатат. Күрөөканалар дагы эле минималдуу капиталдык талаптарды аткара элек. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл органы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, 15-ноябрга карата Кыргызстан боюнча 131 гана күрөөкана уставдык капиталын эң аз талап кылынган 1 миллион сомго чейин көбөйткөн.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин капиталды 1 миллион сомго чейин көбөйтүү боюнча токтому 2022-жылдын 24-июнунда кабыл алынган. Талаптын өзү 1-июлдан тарта күчүнө кирди.
Ошентип, күрөөканаларга уставдык капиталга салым кошуу үчүн керектүү каражаттарды табууга бир гана жума убакыт берилген.