Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    28.04.2022, 06:46

    Кечээ, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйында депутат Марлен Маматалиев “Жер казынасы жөнүндө” “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө баяндама жасап жатып, өндүрүлгөн алтындын 30 пайызы мамлекетте калсын деп сунуштап жатканын айтты.

    Анын айтымында, кен иштеткен компаниялар салык төлөшөт, фонддорду түзүшөт, соцжардамдарды беришет, бирок мамлекетке алтын түрүндө эч нерсе калбайт.

    “Биринчиси, аукцион өтөбү, конкурс өтөбү, алтындын 30% Кыргызстанга калсын деп жатабыз. Экинчиси, комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Министрлер кабинетинин жана ЖКнын өкүлдөрүнүн катышуусун карап жатабыз. Андан сырткары, эксперт-консультанттардын да бул коммисияга курамында болсун деп айтуудабыз. Жана айтып кеткендей, алтындын 30%ы бизде калсын деп мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн алкагында бир мисал келтире кетейин. Биз ушул мыйзамды эртерээк кабыл алганда, 100 тонна алтындын запасы болгон Жерүйдөн бизге жок дегенде 1 млрд доллар калат эле. Эгерде Кумтөрдөн башынан баштап алганда, 40 млрд доллар калмак”, – деди ал.

    Ал эми анын кесиптеши Султанбай Айжигитов Кыргызстандын үлүшү 70 пайыз, инвестордун үлүшү 30 пайыз болушу керектигин белгиледи.

    Белгилей кетсек, жогоруда аталган мыйзам долбоору жер казынасын пайдалануу учурунда мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, инвесторлор менен келип чыккан мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.


    Читать похожее

    • 28.04.2022, 00:46:04